Текебаев Ташиев тууралуу: «Парламенттик шайлоого катышып, депутат болуп, спикерликке шайлана алат»

«Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы катары тез эле баркын жана салмагын жоготууда. Элдин нааразычылыгы аны жок кыла алат. Мындай жагдайдан кантип чыгууга болот? Ал күтүүсүздөн акыркы күнү өз партиясынан же бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, адегенде депутат, кийин спикер болуп шайлана алат». Мындай оюн саясатчы Өмүрбек Текебаев АКИпресстин «Мнения» долбооруна билдирди. 

Анын айтымында, көптөгөн оппозициялык күчтөр аны колдойт, анткени алар тең салмактуулукту ким кармап турганын түшүнүшөт. «Анын кулк-мүнөзүнөн, бир катар тарыхый окуялардан улам ал өзүн башкача алып жүрө албайт. Ал жакынкы жылдарда өз алдынча жана көз карандысыз күч катары өзүн алып жүрөт. Кандай гана ката кетирбесин, мүнөзүндө кандай кемчиликтер болсо да, бүгүн ал тең салмактуулуктун фактору. Бул бийликтин популярдуулугу күн сайын түшүп жаткандыктан, конкреттүү реалдуу программа жок, популизмди түбөлүккө кармап туруу мүмкүн эмес. Мындай шартта келишимдик, тандемдик башкаруу бузулат. Бул бири экинчисинин эсебинен аман калууну каалаган учурда болот. Бул качан болот? Белгисиз. Бирок, албетте, Боливар экөөнү көтөрө албайт», — деди ал.

Маалымат үчүн: «Боливар экөөнү көтөрө албайт» деген фраза пайда көрүү менен достукту тандоодо пайда көрүүнү тандоону билдирет. Ошондой эле, бир мезгилде эки вариантты айкалыштыруу оор болгонду жана анын бирин жок кылуу керектигин да түшүндүрөт.