Текебаев менен анын жубайынын мүлкү камактан чыгарылат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталышы боюнча маалымат таратты. Анда алар  Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш окуясы жок болгондуктан акталганы айтылат.

«Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Акталгандардын реабилитацияга болгон укугу таанылган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин акталган Текебаевге жана Чотоновго жазык куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуртуунун тартибин түшүндүрүү менен кабарлама жиберилет. 2017-жылдын 15-мартындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө кызматынын 1-бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн токтому менен Өмүрбек Текебаевдин, Айгүл Текебаеванын жана Дүйшөнкул Чотоновдун наамындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө коюлган камак – өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алып салынат. Иш боюнча далил зат катары табылган буюмдар иш материалдары менен бирге сакталат», — деп билдиришти райондук соттун басма сөз кызматынан.