«Орхан Инанды табылбаса, бул окуя Кыргызстандын кадыр-баркын эл аралык аренада түшүрө турган окуя болуп калат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчалары аркылуу пикирин билдирди.
«Орхан Инандынын жоголгонуна бир жумадан ашты. Алгач бул криминалдык гана окуя катары көрүнсө, азыр саясий эл аралык деңгээлдеги окуя болуп калды. Анткени, Орхан Инанды Кыргызстандагы белгилүү адам. Ал Кыргыздын жөнөкөй жараны эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмер. Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу кыргызстандыктарды тынчсыздандырып жатат. Кыргыз бийлиги болгон күч-аракетин жумшап, аны табышы керек. Табылбаса, бул окуя Кыргызстандын авторитетин Кыргызстандын ичинде да, эл аралык аренада да түшүрө турган окуя болуп калат», — деп жазылат билдирүүдө.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.