Текебаев: «Сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал Жапаровго чыгарылган өкүм болот»

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына чоң маек жарыялады. Анда «Садыр ЖапаровТекебаев “Мегаком” боюнча Маевскийден 1 миллион доллар алганы анык, аны элитанын баары билет, менде күбөлөр бар, керек болсо өзүм далилдейм” деп айтты. Жапаровдун бул кескин пикири сиздин сот ишиңизге таасирин тийгизбейби?» деген суроо берилген.

«Мен орусча 4 сөз менен Садыр Жапаровдун сөзүнө мүнөздөмө берет элем: ложь, клевета, безответственно и недопустимо. Бул ушакка негизделген жалган жалаа. Мындай айтуу жоопкерсиздик.  Жапаров бүгүн жөнөкөй киши эмес. Анын сөзүн кунт коюп угуп, көпчүлүгү ага ишенип турат. Эл соттун чечимине ишенбеши мүмкүн. Бирок бүгүн Садырдын сөзүнө ишенгендер көп. Мен бул жерде “бүгүн” деген сөздү баса белгилегим келет. Эгер, ушундай жалгандарды айта берсе, эртең ишенгендердин саны азаят. Недопустимо дегеним, Садыр Жапаров “шайлоого катышам” деп ыйгарым укугун токтоткону менен, ал бүгүн премьер-министр. Анын досу парламентти башкарып, мамлекеттин жетекчиси. Дагы башка достору УКМКнын, Генпрокуратуранын, ИИМдин жетекчилери. Бул компаниянын таасири өлкөдө эң жогору. Садыр Жапаров айтпадыбы, “бүгүн деле соттор президентти карап турат экен” деп. Мына ушундай шартта соттордун баары Садыр Жапаровдун айтканын приказ катары кабыл алышы мүмкүн. Өзүнүн статусун, таасирин билип туруп, ушинтип айтканы туура эмес.

Садыр Жапаров премьер-министр. Ал Конституцияны кармап, “Конституцияны жана адамдардын эркиндигин коргойм” деп ант берди. Тилекке каршы, президенттикке талапкерлигин койгондорду өзүнүн жеке душмандарындай кабыл алып жатат. Ал колдоп жаткан Конституцияны долбооруна макул болбой, башкача баа берген адамдарды “жүзү каралар”, “эл бузарлар” деп жатат. Бул коомдо агрессияны пайда кылып, коомду бөлүп-жарат. Коомду элдешкис кылып эки топко бөлүп, ынтымакты кетирет. Бул безответственно и недопустимо. Башка бирөө ушундай ушактардын топтомун айтса, мен көңүл бурбай, жооп бербей деле коймокмун. Бирок, мен жогоруда айткан пикиримден улам, Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу мага жалаа жаап, тийишкенден улам мен ага жооп берүүм зарыл деп чечтим. Мен бул жоопту Садыр Жапаровду жамандаш үчүн, анын авторитетин түшүрүш үчүн айтып жаткан жокмун. Мен биринчи кезекте эл муну чындыкты коргоо, өзүмдү коргоо катары кабыл алышын каалаар элем», — деген Текебаев.

Андан ары депутатка Садыр Жапаровдун таасири күчтүү, аны соттор угат” деп айттыңыз. Ага жооп бербей эле койсоңуз болбойт беле. Жооп берем деп кайра камалып кеткенден коркпойсузбу?» деген собол узатылган.

«Коркпойм. Качпайм. Ырайым сурабайм. Эгер, сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал бизге эмес Садыр Жапаровго чыгарылган өкүм болот» деп жооп узаткан Текебаев.