Текебаевди жашыруун камера ээрчип жүрөбү? Интернетке тараган сүрөт талкуу жаратууда

Бажы тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрү менен таанымал журналист Али Токтакунов кечээ, 24-январда социалдык тармактагы баракчалары аркылуу ойго салган маалыматты бөлүштү. Билдирүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин журналисттен тышкары “Замандаш” партиясынын мурдагы төрагасы Жеңиш Молдокматов менен кафеде олтурган жеринен тартылган сүрөт тиркелген. Мындан улам, учурда интернетте «Текебаевдин артынан түшүп алышканбы, аны кимдер аңдып жүрөт?» деп суроо салышууда.

Журналист Али Токтакунов кесибине байланыштуу күнүнө кээде ондогон адам менен жолугарын билдирген. “Аны бир олуттуу кылмышты ачып алгандай жайылтып аткандары күлкүлүү. Мен го жашырынбай эл арасында, кафеде ачык жолугушуп атам. Кечээ жакында эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылар түн катып бир канча ирет Текебаевдин үйүнө чейин барып жүрүшкөн. Бирок маселе анда эмес. Маселе оппоненттердин, көз карандысыз журналисттердин сары изине түшкөн, артынан аңдыган, тыңшаган полициялык, авторитардык режимдин кайтып келе жатканында. Жакпаган тарапты ыксыз каралоо, бузуку атаандаштык жүргүзүүдө. Ушундай аңдуу, маалыматтык террор заманынын урматына катар катар революция кылдык беле?! Биз мындайга жол бербейли! Жол берсе бүгүн мени, Текебаевди, Молдокматовду, эртең сени, аны, баарын аңдыйт”, — деп жазылган Али Токтакуновдун билдирүүсүндө.