Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук отурум жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук териштирүү жылдырылды. Анын мандатын кайтарып алуу боюнча иш кечээ Бишкек шаардык сотунда каралмак, бирок даттануучу Темирлан Ормуков ооруп калып, соттук отурум 25-декабрга белгиленди.

Буга чейин 23-ноябрда Бишкектеги Административдик сот Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызды канааттандырган. Даттануучунун арыз менен кайрылуусуна саясатчынын соттуулугу бар экенин жүйө кылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында мандатынан ажыраган. 2019-жылдын август айында Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларды жүйө кылып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Бул чечим менен Текебаев үй камагына чыккан болчу.

Кайра Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат катары октябрь айындагы окуялардан кийин, тагыраагы 15-октябрда кайтып барган. Соңку учурда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун, Садыр Жапаров баштаган бийликти катуу сындап жатканы маалым.