Парламент «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча Ички иштер министрлиги менен УКМКнын маалыматын угат. Чечим бүгүн парламенттин көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Депутат Наталья Никитенко белгилегендей, Жогорку Кеңеш шайлоого катышкан саясатчыларды коркутуп-үркүтүү жана кысым көрсөтүү аракетине көз жумуп коё албайт. Ал кошумчалагандай, парламент кечээки окуяга баа бериши керек. «Азыр укук коргоо органдары бул кол салуу эмес, тоноо болгонуна ишендиргиси келип жатат. Бирок бул саясий заказ экенин баарыбыз түшүнөбүз. Эртең ар бирибизге таасир этиши мүмкүн”, — деди ал.