Текебаевге кол салуу. УКМК менен прокуратура парламентке маалымат берүү үчүн келген жок

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча күч органдарынын маалыматын угуу да киргизилген болчу. Бирок жыйынга УКМК менен прокуратура келген жок. ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев гана келди.

«Жогорку Кеңешке карата мындай мамилеге жол берилбейт. Өкмөт үйүнөн Жогорку Кеңешке чейин 5 мүнөттүк жол. УКМК, прокуратура келген жок. Ички иштер министринин орун басары келди. Мен аны угууну сунуштайм», — деди депутат Наталья Никитенко.

Аида Касымалиеванын айтымында, УКМКнын бул ишке тиешеси жок үчүн келген эмес.