«Текшерүү секунд сайын жүрөт». Исхак Масалиевдин сөзүнөн улам Садыр Жапаров алтын темасы боюнча экинчи жолу маек берди

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров «Кабарга» маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп берген. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен.

— Масалиев журналист Болот Темировдун белгисиз алтын куймалары жөнүндө жарыялаган видео-материалына таянып, бийлик бул фактыга эмне үчүн кызыгып койгон жок деген суроо койду. Ал видеодо алтындар “Кумтөрдүкү” болбосо дагы, баары бир Кыргызстандан чыгарылып жатат да деген ойду айтты…

— Кыргызда “Шектүү шекшинет” деген жакшы сөз бар. Өзү ууру болсо эле башкаларды ууру тута берет. Кудай сактасын, биз аларга окшоп ууру эмеспиз. Өзүбүз уурдабайбыз жана башкаларга да уурдатпайбыз. Эгер кызыгуу жарата турган фактылар болсо, бийлик аларга видеосуз эле ыкчам киришип, алтындарды каттоосуз чыгарып кетип жаткандарды кармайт.

Азыр мамлекеттин алтынын эч ким чыгарып кете албайт. Ал эми жеке жактар, жеке менчик компаниялар салыктан, бажы төлөмдөрүнөн качып, өндүргөн алтындарын чыгарып кетүүгө аракет кылган учурлар бар. Андайларды далай жолу кармап, мамлекеттин пайдасына конфискация кылганыбызды билесиңер.

— Ошондой эле эл өкүлү “мындай болушу мүмкүн эмес” дебей, өкмөт текшерүү иштерин жүргүзсө болмок” деп билдирди. Ушундай текшерүү иши жүргүзүлдүбү? Же алдыда жүргүзүлөбү?

— Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат.