Темирлан Султанбеков: «Алмазбек Атамбаев Жапаровдор менен тыгыз байланышта»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө жаш саясатчы, «Социал демократтар» партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков маек берди.

«Алмазбек Атамбаев боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жиберилди. Жапаров менен Атамбаев биригиши мүмкүнбү?» Маекте мына ушундай суроонун тегерегинде талкуу жүрдү. «Мен билгенден, Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаров, Сабыр Жапаров жана башка Жапаровдор менен тыгыз байланышта«,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар.