Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» айлыгынын канча экенин айтуудан баш тартты

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» сырттан башкаруучусу катары канча айлык аларын айтуудан баш тартты. Айлыкка байланышкан суроо маалымат жыйында журналисттер тарабынан берилди.

«Бизде купуялуулук жөнүндө келишим бар. Мен эч кандай сумманы жана чоо-жайын айта албайм. Менин таптакыр башка бирөөнүн капчыгына кирип кетүү адатым жок», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.