Теңгиз Бөлтүрүктүн «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан бошотулганы айтылды

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысынын дагы бир чечими менен Кумтөргө тышкы башкаруучу болуп Теңгиз Бөлтүрүк жетектеген «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдинги дайындалганы белгиленген. Башкача айтканда, Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанинин» иш жүзүндө жетекчиси бойдон калууда.