«Тескери сүйлөгөндөрдү үйрөтөбүз». Жапаров референдумга каршы болуп жаткандар боюнча үн катты

«Тескери сүйлөгөндөрдү үйрөтөбүз». Бүгүн, 5-январда президенттикке талапкер Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчалары аркылуу референдумга каршы болуп жаткандар боюнча үн катты.

«Элдин ырыскысын отуз жылдан бери каалаганындай мойсоп жүргөндөр эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришти. Буга «Референдумга каршыбыз» деп митингдерди уюштуруу далил болуп бере алат. Референдумга эмне үчүн каршы болуп жатканына жада калса өздөрү да жооп бере алышпайт. Жүйөлүү жооптору жок.
Референдумда элдин пикири билинет да. Президенттик башкаруу болсун же парламенттик башкаруу болсун деген. Элдин пикирин сурап билип алуунун эмнеси жаман? Биринчи кезекте бир ууч топтун эмес, калктын, жалпы элдин пикирин билип алып, анан Баш мыйзамды кабыл алалы да.
Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнөлү. Үйрөнгүлөрү келбей тескери сүйлөгөндөрдү, үйрөтөбүз.
Көрсө, отуз жыл бою бул адамдар жеке кызыкчылыгында элдин ырыскысына кол салып, Баш мыйзамды каалагандай калчап жүрүп, таптакыр көнүп бүтүшкөн турбайбы….
Эми элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган митингдерге жумшап жатасыңарбы? Элдин көзү эбак ачылган, көмүскө максатыңар бар экенин эл да түшүнүп турат. Канчалык аракет кылбагыла, андан эч бир майнап чыкпайт», — деп жазылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө.

Бишкек шаарында соңку дээрлик үч айдан бери ар аптанын жекшемби күндөрү Баш мыйзамдын жаңы долбооруна жана референдумдун өткөрүлүшүнө каршы болгон жарандык активисттер жөө жүрүш өткөрүп келишет.