«Тезинен үй камагына чыгаргыла». Текебаев Курсан Асанов боюнча шашылыш билдирүү таратты

Бүгүн, 16-февралда социалдык тармактар аркылуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов тууралуу видео билдирүү таратты.

Анда Текебаев учурдагы бийликке Курсан Асановду тез аранын ичинде үй камагына чыгаруу талабын койгон.

«Экстремалдык учурда кимдин ким экени билинет. 2010-жылкы революциялык окуялардын убагында, андан кийин түштүктө этникалык чыр чыкканда Курсан Асанов өзүнүн кандай адам экенин көрсөтө алган. Коркпогон, тайманбаган, элдин кызыкчылыгын жогору койгон, мыйзамды сактаган адам экенин ошол мезгилде Ошто комендант болуп жүргөндө далилдеп көрсөткөн.

2020-жылы да октябрь айында  Кыргызстанда бийлик кулап, укук коргоо министрлери качып, көздөн  кайым болуп дагы да башаламан чыгып кетүү коркунучунда турганда Бишкекте тартип жана мыйзамдуудукту орнотоюн деп Ички иштер министрлигине барып, өзүнүн тажрыйбасы кеп-кеңеши менен милициянын ишин жөнгө салганга аракет кылган. Бирок анын бул кадамын учурдагы бийлик министрликти басып алганга аракеттенген деген айып менен иш козгоп түрмөгө алганын мен туура эмес көрөм. Макул эми козголгон иш агына чыгат. Бирок Курсан Асановду террористтей качып кете турган, аты-жыты жок шектүүдөй көрсөтүп түрмөгө салыш менимче ага карата бул өтө туура эмес иш. Ал өз убагында жанагындай сапаттарынын негизинде милициянын генералы, эл өкүлү болуп жүргөн. Ал өзүнүн качып кетпей тургандыгын мурун эле өзүнүн өмүрү менен далилдеп койгон адам. Ошондой эле ал быйылкы президенттик шайлоодо бүгүнкү мамлекет башчынын оппоненти болуп шайлоого катышып, кайра анын бүгүн камалышы Садыр Жапаровга карата авторитет кошпойт. Ошондуктан учурдагы өкмөт тез аранын ичинде Курсан Асановду үй камагына чыгарышы керек», — деп айткан Текебаев өз билдирүүсүндө.