«Тилди кысып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай сүйлөңүз”. Жогорку Кеңеште эки депутат кайым айтышты

Жогорку Кеңеште депутаттар Дастан Бекешев менен Сүйүн Өмүрзаков кайым айтышты.

«Адамды бирөө уурдаса, 7 жылдан 10 жылга чейин, ал эми малды уурдаса 12 жылга кесилет экен. Бул менимче туура эмес. Адамдын өмүрү кымбат. Кызды ала качсаң 7 жыл, мал уурдаса 8 жыл болот экен. Санкция ашыкча болуп калды», — деди Бекешев. 

«2-окууда сунуштарды бербейт белеңиз. Комитет карады», — деди Өмүрзаков. 

Бекешев сөз сүйлөп жатып, мыйзамсыз курулуштар тууралуу долбоорду комитет четке какканын, эки жүздүүлүк кылышканын билдирди. Кесиптеши ага “тилди кысып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай сүйлөңүз” деп жооп берди.

«Мен сизди кечирем. Бирок тилди кысып, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай сүйлөңүз. Элди башка нукка бурбаңыз», — деди Өмүрзаков.