Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды. Ал буга чейин бир жыл мурда аталган министрликти жетектөөгө өзүн талапкер кылып көрсөткөн болчу. Тилек Токтогазиев 29 жашта. Элге күнөскана куруу иштери менен таанымал.

Ал 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Ата мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан жарандардын арасынан лидерлердин бири болуп, 7-октябрда өзүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кылып дайындоого аракет кылган. 9-октябрда өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп, “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан. Бирок митингде кагылышуу орун алып, Токтогазиевдин башына таш тийип, ооруканага жеткирилген болчу.