Токтогазиев түрдүү версиялар тууралуу: «Бийликте бир позиция жок экени көрүнүп турат»

Биздин бийликте бир позиция жок экени көрүнүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, БШКнын сайтында кеткен мүчүлүштүк боюнча ар ким ар кайсыны айтып жатат.  «Башында бирөө бул диверсия деди. Экинчи хакердик чабуул деди. Үчүнчүсү формулада ката болду дейт, азыр УКМК адистин башка күчтөргө иштеп жатканын текшеребиз деди. Бул бийликте бир позиция болобу? Же лебедь, щука и рактай болуп (ред. Орус тамсили), ар ким өзүнө тарта береби? Бул эмне деген баш аламандык», — деди ал.