Тилек Токтогазиев: «Кайра шайлоо дайындалышы керек»

Президент Садыр Жапаров кайра шайлоону дайындашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев билдирди.

«Ар бир нерсе убагында жасалышы керек болчу. Эң чоң ката — бул колго санап жатышканы ачык болгон жок. Биз 1 ай бою үгүт иштери менен жүргөнүбүз баары чогулуп келип, анан шайлоодо добуш берүүгө келгенде, аны өзгөртүп салса болбойт да, ар бир добуш маанилүү. 1 пайыз айырма болушу мүмкүн, бирок ошол пайыздан мандат маселеси чечилет да», — деди ал.