Тилек Токтогазиев: «Матраимов камалсын» деген талабыбыз ишке ашкан жок»

«Аянтта баарыбыз чогулганда 3 эң негизги талапты койдук. Биринчи — бул шайлоо жокко чыгарылсын. Экинчи — бул Сооронбай Жээнбеков президенттиктен өз ыктыяры менен кетсин. Үчүнчү — бул Райымбек Матраимов камалсын деген талаптар болчу». Мындай пикирин мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев СуперТВ телеканалындагы маек учурунда Октябрь окусы жөнүндө айтып берип жатып билдирди.

«Баары аткарылды десек болот. Бирок күч менен болуп калды. Матраимов камалсын деген талап аткарылган жок», — деди ал.