Тилек Токтогазиев Октябрь окуясы тууралуу: «Эң негизги талап шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу»

Бүгүн, 5-октябрь былтыркы «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка, бийликтин алмашуусуна бир жыл болду. СУПЕРТВ телеканалы дал ушул датага байланыштуу активист, саясатчы, журналисттер менен маектешүүнү чечти.

«Биз шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз, шайлоо жокко чыгарылсын деген талапты коёбуз» деп партия менен чечим чыгардык. Биздин эң негизги талап ушул болчу. Бул тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мектин жүрүшүндө билдирди.

«Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда эле «Ата Мекендин» штабында башка күчтөрдү чогултуп баштаганбыз. Ал жакка эң биринчи «Республика» партиясынан Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев келишти. Биз өзүнчө, өзүбүздүн позициябызды белгилейли дедик. «Биз шайлоону тааныйбызбы же тааныбайбызбы?» деп. Анан «биз шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз, шайлоо жокко чыгарылсын деген талапты коёбуз» деп чечим чыгардык. Эң негизги талап ушул болчу. Канчаларда экени эсимде деле жок, Опера жана балет театрынын алдына элди чогултабыз дедик. Ал жакта «Ата Мекен», «Республика», «Бир бол», «Замандаш» партиялары бар болчу. Менимче, 2-3 миңдей киши болду окшойт», — деди ал.