Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин орун басары Амангелди Исаев кызматтан кетип, анын ордуна Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Айыл чарба министрлиги — чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Реформаларды жасаш үчүн күчтүү команда керек. Бермет айым менен министрликке жаратмандык маданиятты алып келип, көп-көп прогрессивдүү жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенем”, — деп жазган ал.