Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровго: «Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн. Кайрат кыл, кыргызым!»

Октябрдагы революция максатына жеткен жок. Баары текке кетти. Мындай оюн бүгүн, 15-апрелде мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, коррупционерлер, бандиттер кайра жаңы бийлик менен биригип элдин канын соргонун улантышмай болушту. Мындан тышкары, ал Садыр Жапаровдун Райымбек Матраимовго карата айтылган сөзүн эскерип, кыргыздын «Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» деген макалын жазды.

«Октябрдагы революция максатына жеткен жок. Баары текке кетти. Коррупционерлер, бандиттер кайра жаңы бийлик менен биригип элдин канын соргонун улантышмай болушту. Кайрат кыл эми, кыргызым! P.S. «Мен толук ишке кире элекмин, толук киргенде Раим Матраимов камалат» (С.Жапаров). Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн!» — деп жазды ал.