Токтогазиев: «Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында пайыз 160ка чыгып, кийин 100гө жетпей калганы афёрага окшошууда»

Ачык-айкын айтып коюш керек. Шайлоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы өттү. Бул тууралуу  бүгүн, 1-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев билдирди.

«Бирок чатактын баары саат 20:00дөн кийин башталды. Баарыбыз экранды карап турдук. 10 партия өтө тургандай болуп жатты. Анан бир кезде эле ар бирибиздикин бир нече пайызга кыскартып салды. Сайт бир убакытка иштебей калды, иштеп баштаганда ар бир партиянын пайызы азайып кетти. Ошол эле учурда «баарына каршы» графасы 14 пайызга көтөрүлүп кетти. БШКнын өкүлүнүн айтымында, формулада ката болуп калган. Анан мен айтып атам, макул, андай болсо, ошол формуланы бергилечи, ага чейин кантип саналып атты, азыр кантип саналып жатат. Ошол формуланы өзүбүз таап көрөлү дедик. Эч кандай байланыш таба алган жокпуз. Бул дүйнөнүн жалпы деңгээлинде пайыз 160ка чыгып кетип, 87ге түшүп калганы шылдың эле кылды. Кыргызстанда жалпы 100 пайыз эмес, башында 160 пайыз болот экен. Азыр 100 пайызга жетпей турат. Бул математиканын бардык мыйзамдарын бузуп жатпайбы. Бул афёрага окшошуп жатат», — деди ал.