Тилек Токтогазиев: «Ташиев менен Жапаров бийликти бөлүштүрө албай жатышат»

Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калды. Байкуштар кимди угуш керек экенин да түшүнбөй калышты. Бул тууралуу мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Жапаров бир позиция менен чыкса, Ташиев маалымат жыйындарды берип, президенттин ыйгарым укуктарын ээлеп алгандай эле болуп, кээде Жапаровдун позициясына каршы пикирин билдирип коет.  Президенттин мен баарына жооп берем деген саясаты өлкөбүздү чоң туңгуюкка алып келет. Натыйжалуу башкаруунун бирден бир сыры — бул жумушту жана жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү. Мисал катары үй-бүлөнү алалы. Үйдө бүт майда-чүйдө маселелерге чейин кийлигишип, диктатор-атасы эле баарын чече берсе аялы да, балдары да жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын кандай экенин билбей да калышат. Чечим чыгаруу, жоопкерчиликти өзүнө алуу сапаттары бат эле атрофия болуп жок болот. Мындай үй-бүлө туруктуу болобу?»,- деди ал.
Анын айтымында, экөөнүн бирөөсү саясаттан кетиши керек. «Ал эми эки дос болсо, бир бири менен сүйлөшүп алып, бирөөсү саясаттан тез убакытта кетип калыш керек болуп калды»,— деп жазды ал.