ТИМ: «Жаңы өкмөт коррупция жана криминалга каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатат»

Кыргыз Республикасынын жаңы өкмөтү коррупция жана криминалга каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине карата берген жообуна улай таратты.

Министрлик кыргыз тарап америкалыктарга жогорудагы күрөш боюнча берген сунушуна ыраазычылык билдиргенин айтат. “Өкмөт коррупционерлерге жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерине карата башталган резонанстуу кылмыш иштерин аягына чыгарууга ниети бардыгын жана бул боюнча бекем позицияда турарын бир канча жолу билдирген. Кылмыш жолу менен кыргыз элинен уурдалган активдер кайтарылып, ал эми күнөөлүүлөр адилеттүү жазага тартыларына шек болбошу керек” деп жазылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап бир гана АКШ менен эмес, бардык өлкөлөр менен тыгыз иш алып барууга даярдыгын билдирген.