ТИМ: «Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары жок»

Бүгүн, 7-январга карата алынган маалымат боюнча, Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Кармалгандар тууралуу суроону депутат Исхак Масалиев берди.

Кезексиз жыйынга чогулган депутаттар Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин карап жатышат.