Тышкы иштер министри видеочалуу аркылуу ЕККУнун башчысы менен сүйлөштү

Бүгүн, 1-майда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеочалуу аркылуу ЕККУнун учурдагы башчысы, Швециянын Тышкы иштер министри Анн Линде менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу сүйлөшүштү.

Кыргыз министри 28-30-апрелдеги чек арадагы окуялар тууралуу маалымат берди. Анда ал тилекке каршы эки тарап теӊ жоготууларга учураганын, ал эми 1-2-май күндөрү Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланганын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап мамлекеттер аралык сүйлөшүү жолу менен гана абалды жөнгө салууну, тынчтык жолу менен маселени чечүүнү көздөп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда чырдын кесепетинен 28 миӊге чукул жергиликтүү тургундар коопсуз жерге эвакуациялангандыгын кошумчалады. Андан сырткары конфликттен кийин жабыр тарткан аймактарды калыбына келтирүүдө жана калкка гуманитардык жардамды жеткирүүдө ЕККУдан колдоо сурады.

Өз кезегинде Анн Линде кыргыз тарапка абалды тынчтык жолу менен чечүүгө жасаган салымына ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз-тажик жетекчилигинин конструктивдүү диалогуна жогору баасын берди жана макулдашылган тынчтык протоколун сактоого чакырды. ЕККУ эки элдин мындан аркы ишениминин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Видео байланыштын жыйынтыгында мындан ары да кабарлашууга макулдашышты.