«Төбөбүздө Кудай карап турат, мага муфтийдин орду кереги жок»: Садыр Жапаров муфтияттын айланасындагы ызы-чуу боюнча үн катты

Бул ызы-чуу муфтий Максат Токтомушевдин айланасында 4-5 жылдан бери келе жаткан оокат экен. Бул тууралуу бугүн, 11-февралда президент Садыр Жапаров маек учурунда билдирди.

«Муфтий Токтомушевдин айланасынада чоң ызы-чуу жаралды. Бул өтө резонанстуу иш ошондуктан, мен майдалансам да башынан баштап айтып берүүгө туура келет.

Бул иш тээ мурдатан эле ошол диний тармагында жургөн аалымдардын, диний тармагында жүргөн жарандарыбыздын экиге бөлүнүп алып, чабышып келе жаткан жоруктары бар. Бул 4-5 жылдан бери келе жаткан оокат экен. Мен шайлоого жаңы аттанып жаткан мезгилде өзүмдүн милдеттеримди өткөрүп,  шайлоого кеткен мезгил болчу. Жаңылышпасам, декабрдын башында штабда отурганда Максат ажы мага өзү келген. Келип арыз-муңун айтты. «Ушинтип аалымдар кеңеши мени мөөнөтүмөн эрте кызматыман алып, кайра шайлоо өткөрөбүз деп атат. А мөөнөтүм апрель айында бүтөт, 2-3 эле ай калды. Ошол өз убагында өтсө жакшы болот эле» деди. Мен кабыл алгам экөөбүз бир саат сүйлөшүп отурганбыз. Ал бардык жагдайды айтып түшүндүргөн.

Мен президенттин аппаратына муфтийдин көзүнчө чалып, өкмөт  эч качан муфтияттын ишине кийлигишпесин. «Кимди алат, кимди коет  бирөөңөр да кийлигишпегиле. Бирок үстүртөн көзөмөл алалы. Эгер туура эмес жолдо кетип аткан болсо, түздөп коюп туралы. Мамлекеттин иши ошол болуш керек»,- деп туруп ошол Бакыт Аманбаевге айткам. Анын бардыгына айтышын сурангам.

Жакында эле менин инаугурациямдын алдында дагы мага маалымат келди. «Кайрадан эле ызы-чуу болуп жатат. Дин башкармалыгы экиге бөлүнүп чабышып атат. Аалымдар кеңеши муну эртелеп бүгүн алып, кайра тез арада курултай уюштуруп, шайлоо кылабыз» — деди. Себебин сурасам, эки себеби бар экен. Биринчиси, акчаларды жеп койду деген. Экинчиси, Чубак ажы сыяктуу бул Максат ажы дагы ютубда сабак  берет эмеспи. Ошол жерден эки жолу оозунан жаңылыптыр. Тактап айтканда, өзүнүн позициясынан жаңылган экен. Биздин салттуу динди айтпай тескери жакка үндөгөн экен. Мага маалымат жеткенден кийин. Мен Бурканов деген менин жанымда жүргөн, мурдагы депутат болгон жардамчымдан суранып: «Максат ажыга жолугуп, эгер ушундай ызы-чуу болуп жаткан болсо, баарынын башын бириктирип, тынч эле тарап кетишсин. Дин тарапта жүргөндөр өзүлөрү жактырган адамды коюп алышсын»,-  деп айт дедим.  Анын катачылыгы түз барып эле сүйлөшкөндүн ордуна Акин Токталиевге барып: «Ушундай ызы-чуу болуп жатыптыр. Биз ызы-чуу кылбай эки тарапты тең жараштырып, басып коюңуз»,- деп, айткан экен. Анан ал барып, туура эмес маалымат айтыптыр. Эртеси күнү ызы-чуусу күчөй баштады. 5-күнү болушу керек эле, инаугурацияга жакындап калган мезгил эле. Мен өзүм муфтийге чалып айттым: «Жума намазга баратам азыр сиз ошол мечитте күтүп туруңуз, нааразы тарапты да топтонуз, өзүнүз тарапты да топтоңуз. Менин бул боюнча терең маалыматым жок, алардан угайын»,-  дедим. Жаңы салынган мечитке баратсам чалып калды. «Биз эски мечиттебиз» дешти. Бурулуп эски жерине кирдим. 7-8 дин чөйрөсүндөгү адамдар отурган экен. Абдышүкүр ажы да бар болчу. Отуруп 4-5 саат сүйлөштүк. Мен эки тарапты тең уктум.

Нааразы болгон тарап муфтийге бир нече нааразычылыгын айтты. Мен ал жакка эсепчи жиберип текшертип берейин дедим. Эсепчи жибердим. Алар текшере башташты. Чындыгында, бул жакта кемчиликтер бар экен. 16 миллиондун 7 миллион 700 миң долларын алыптыр дагы, аны сомго айлантып, ошону башка банктарга киреше алуу максатында процентке салыптыр. Процентке салганда, чыгымга учураптыр. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегереги болуп кетип жатат. Мындан тышкары, август айында булар акчаны бир фирмага бердик деп жасайт дагы, ал фирма шайлоого бир партияга 155 миллон сомун колдонуп салыптыр. Бул бүгүнкү күндө бул сумма толук кайтарылбай турат»,— деди Жапаров.