Токаев Жапаровду Кумтөр боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчысы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн аталган мамлекеттин басылмалары жазып чыгышты.

Анда Токаев Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктаган. Андан тышкары тараптар бири-бирин Орозо айынын башталышы менен куттукташты.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын май айына белгиленген сапары эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө олуттуу импульс берерин билдирген.