Депутаттар Токтогул сактагычында топтолгон суунун абалы боюнча маселени карашты

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мырза Жаманбаев баяндама жасады.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, азыркы учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион куб метрди түзөт. Бул былтыркыдан 2 миллиард 345 миллион куб метрге аз.

Талкуу учурунда депутат Эрмамат Тагаев кыш мезгилинде электр энергиясын карызга алуу боюнча кошуна өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдерге токтолду. «Карызды суу түрүндө да, электр түрүндө да төлөйбүзбү?» — деген суроо узатты ал.

Депутат Замирбек Эсенаманов электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн карыздарды өндүрүүдө туумдарды жоюп салууну сунуштады. Эл өкүлүнүн пикири боюнча, кескин чаралар энергетиктер менен элдин ортосундагы тирешүүнү пайда кылышы мүмкүн.

Депутат Абтандил Кулбараков Токтогул ГЭСин ремонттоого канча каражат сарпталганына кызыгып, энергетика тармагынын азыркы абалы кандай экенин сурады. «Биз жаман деген сөздөн алыс болушубуз керек. Буюрса, жакшы эле болот», — деп жооп берди министр.