Токтосун Султанов Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Шайлоо бүгүн, 30-июлда өттү. Ага 41 депутат макул деп добуш берди, каршы — 2, калыс — 2.
Султановдун талапкерлигин «Эмгек», «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынан турган коалициялык көпчүлүк сунуш кылган.
Буга чейин Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.