Садыр Жапаров Толкунбек Абдыгуловго кайсы кызматты сунуштаган?

Улуттук банктын төрагалыгы кызматынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин жыйынында президенттен башка кызматка сунуш түшкөнүн, ошондуктан кызматтан кетип жатканын айтты.

Жыйында депутат Наталья Никитенко анын кайсы кызматка кетип жатканын билбесе, ага сунушталып жаткан кызматтын бар же жогуна кызыкты. «Кайсы кызматка кетип жатасыз?» деген суроого так жооп бере алган жоксуз. Демек, сизге сунушталып жаткан кызмат барбы билбейт экенсиз. Ал кызмат сиздин ишмердүүлүгүңүзгө туура келеби? Мен сизден чындыкты айтууну суранам. Сизге саясий кысым болдубу? Болгон окшойт», — деди ал.

«Эч кандай саясий кысым болгон жок. Президенттен сунуш түштү. Азыр мага маалымат беришти. Мен Кыргызстандын атынан Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси кызматына барам«, — деди Абдыгулов