Толкунбек Абдыгулов депутаттардан аны кызматтан бошотуусун суранды

«Урматтуу депутаттар, мен суранып кетет элем. Мен өзүм чечип, өзүм арызымды бердим». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Депутат Жанар Акаев эл өкүлдөрүнөн дагы бир жолу Абдыгуловдун кызматтан кетишин колдобош керек экенин айтты. Бирок банктын төрагасы депутаттардан аны кызматтан бошотуусун суранды. «Менин чечимимди колдоп коюуңуздарды суранам», — деди ал.