Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Астанакулов Байышбек Кахроманович Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.










