Төрага депутаттарга ички маселелерин жыйында айтпоого чакырды

«Регламентке жараша иш кылалы. Ички маселелерди бул жерде айтпасаңыздар». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Ошондой маселелер үчүн парламенттин аброюна шек келтирген сөздөр болуп жатат. Өткөн жумадагы сөз сүйлөгөн депутатты көрүп жатасыңар. Өзүңүздөр оолак болсоңуздар», — деди ал.

Өткөн жумада, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова айрым кесиптештерине нааразылыгын билдирген.

«Бизде кээ бир депутат айымдар бар. Жакында эле бирөөсү куран окутуптур. Ал учурда биз каникулда болуп, келе албай калдык. «Куран окутуп келбесең, сенин апаң өлгөндө көрөт элем» деген сөздү мен эч качан айттырбайм. Кесиптештер, бул жерде «чача-пача» деген ушагыңарды токтоткула. Мындан ары бирөөнүн апасына асылганыңарды укпайын», — деген ал.