Ишемби, 04.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Маматалиев: «Ар бир депутатка бирден планшет берилет»

11:33 18.02.2026
0
Төрага Маматалиев: «Ар бир депутатка бирден планшет берилет»
Жогорку Кеңештин жыйынын ачып жатып төрага Марлен Маматалиев жакында эле президент Садыр Жапаров менен жолугушканын жана өлкө башчысына парламенттин алдыдагы 5 жылга карата өнүгүү стратегиясы боюнча маалымат бергенин билдирди. Анын ичинен артыкчылыктуу багыттар, жасала турган реформалар тууралуу сөз кылган төрага парламенттин ишин санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

“Президенттин админстрациясында санариптештирүү саясаты ийгиликтүү болуп жатканын, чечимдер 10-20 эсе ыкчам жана тез кабыл алынарын өз көзүм менен көрдүм. Бул кезинде иштин натыйжалуулугун арттырууга да көмөкчү болорун байкадым. Муну менен катар адам ресурстарын туура пайдаланууга жана каражаттарды үнөмдөөгө чоң өбөлгө түзүп жатыптыр. Алсак, 2024-жылы эле санариптештирүүнүн натыйжасында 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөн экен. Албетте, ушундай үнөмдөөлөр канчалаган социалдык мекемелерди салууга, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө көмөкчү болот. Эми биз ошондой жаңыланууларды парламентте да ишке ашырышыбыз керек”, – деди төрага.

Тагыраагы, документ жүгүртүүдө жана мыйзам чыгаруу ишинде тонналап кеткен кагаздарды азайтып, депутаттарга керектүү маалыматтарды электрондук түрдө берүү маселеси каралып жатканын айткан Марлен Маматалиев бул үчүн жакынкы аралыкта ар бир депутатка бирден планшет берилерин маалымдады. “Анда төрт папка жайгаштырылып, биринде жалпы жыйындардын, экинчисинде тармактын комитеттердин отурумдарынын, үчүнчүсүндө депутаттык топтордун чогулуштарынын материалдары коюлса, төртүнчүсүндө ар кандай маселелер боюнча маалыматтар киргизилет. Бардыгы алдын-ала жума күнү берилет. Бул албетте иштин натыйжалуулугун арттырып, кайсы жерде болбосун материалдар менен таанышып, даярданып келүүгө өбөлгө түзөт”, – деди төрага.

Ошону менен катар тармактык комитеттердин жыйындарына маселе же суроо болуп калса деген жүйө менен көптөгөн кызмат адамдары чакырыларын мисал кылган Марлен Маматалиев эми ошол жагдайды да жөнгө салып, маселеге тиешелүү жетекчилердин жыйынга онлайн катышуусуна да мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн билдирди. Мындан тышкары, аймактагы шайлоочулар менен да онлайн баарлашууга керектүү шарттар камсыздаларын белгилеген төрага Жогорку Кеңешке келгендерге да ыңгайлуу жагдай жаратуу менен максатында беш депутаттык топтун өз-өзүнчө коомдук кабылдамасы жана энелер бөлмөсү ачыларын кошумчалады.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:39 31.03.2026
0

Бүгүн, 31-мартта бир катар аймактардын жетекчилери кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Алар төмөндөгүлөр: Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими...

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:45 30.03.2026
0

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык...

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:42 27.03.2026
0

Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери,...

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 27.03.2026
0

Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты...

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев «Жасмин» кафесинин ээси менен жолукту

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Жасмин" кафесинин ээси менен жолукту

09:39 03.04.2026
Иттер талап, тиш салган баланын абалы туруктуу, бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

Иттер талап, тиш салган баланын абалы туруктуу, бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

09:46 03.04.2026
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

10:43 03.04.2026
Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасынын курамы

Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасынын курамы

18:01 03.04.2026
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

10:43 03.04.2026
Ошто 20 миң түп жоогазын гүлүн ачты

Ошто 20 миң түп жоогазын гүлүн ачты

10:16 03.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү