Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Марлен Маматалиев: «Болгон тажрыйбамды жана күчүмдү жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм»

17:20 12.02.2026
0
Төрага Марлен Маматалиев: «Болгон тажрыйбамды жана күчүмдү жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм»

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган Марлен Маматалиев болгон тажрыйбасын жана күчүн жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштей тургандыгын билдирди.

Ошондой эле бардык депутаттар менен бир команда катары иштерин кошумчалаган төрага: «Президент Садыр Жапаров башында туруп, жүргүзүлгөн реформалардын жана коюлган тапшырмалардын негизинде мамлекетибиз чоң өнүгүүгө жетишүүдө. Экономикабыз көтөрүлүп, коррупция менен күрөш күчөтүлдү. Эл аралык деңгээлде да аброюбуз жогорулап, өз ордубуз пайда болду. Албетте айтылгандардын бардыгында Жогорку Кеңештин да салымы өтө зор», – деди.

Аталган иш-аракеттерге парламент мындан ары да көмөк көрсөтө берерин айткан Марлен Маматалиев: «Жакында эле элибиз бизди шайлап, мандатты аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты сиздер менен бирге эч качан жерде калтырбайбыз. Биздин мамлекетибиз бир. Аны бөлүп-жарууга жол бербейбиз», – деп билдирди.

Муну менен катар парламенттин ишин жакшыртуу маселеси дагы улантыларын белгилеп, анын ичинен санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Андан тышкары, шайлоочулар менен жолугушууга да артыкчылык берилерин айткан Төрага 30 округга депутаттар менен бирге барып, элдин көйгөйүн биргелешип чечүүгө аракет кыларын билдирди. Ошондой эле Аппаратка жума күндөрү атайын талкуу аянтчаларын уюштуруп, олуттуу маселелер боюнча отурумдарды өткөрүү тапшырмасын берди. «Керектүү мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын да көзөмөлдөйбүз. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, ыйгарым укуктарыбыз да жетет», – деди төрага.

Бүгүн, 12-февралда «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Элдик», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.

Аталган маселени кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйыны Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйыны режимине өттү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жетекчиси Курманкул Зулушев төрагалык кылган Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети депутат Марлен Маматалиевдин талапкерлигин жактырды. Андан соң депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин жыйыны режимине кайтышты. Бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 77 депутат колдоду. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү