Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган Марлен Маматалиев болгон тажрыйбасын жана күчүн жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштей тургандыгын билдирди.
Ошондой эле бардык депутаттар менен бир команда катары иштерин кошумчалаган төрага: «Президент Садыр Жапаров башында туруп, жүргүзүлгөн реформалардын жана коюлган тапшырмалардын негизинде мамлекетибиз чоң өнүгүүгө жетишүүдө. Экономикабыз көтөрүлүп, коррупция менен күрөш күчөтүлдү. Эл аралык деңгээлде да аброюбуз жогорулап, өз ордубуз пайда болду. Албетте айтылгандардын бардыгында Жогорку Кеңештин да салымы өтө зор», – деди.
Аталган иш-аракеттерге парламент мындан ары да көмөк көрсөтө берерин айткан Марлен Маматалиев: «Жакында эле элибиз бизди шайлап, мандатты аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты сиздер менен бирге эч качан жерде калтырбайбыз. Биздин мамлекетибиз бир. Аны бөлүп-жарууга жол бербейбиз», – деп билдирди.
Бүгүн, 12-февралда «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Элдик», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.