Төрага Нурланбек Шакиев 3 депутат менен Тажикстанга кетти

Төрага Нурланбек Шакиев Тажикстан Республикасына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Элдар Сулайманов бар.