Төрага Нурланбек Шакиев Ак үйдө мамлекеттик тилде туура жана так жазуу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчиси Бакытбек Мажитов баштаган тийиштүү бөлүмдөрдүн башчыларын кабыл алып, мыйзам актыларынын мамлекеттик тилде туура жана так жазылышына байланышкан маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Жолугушууга президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышты. Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилди колдонууда башка бийлик бутактары үчүн үлгү болушу керектигин белгилеп, “Бардык мыйзам актылары алгач мамлекеттик тилде даярдалып, андан кийин расмий тилге которулушу шарт. Айрыкча, парламент мыйзам чыгаруучу жана анын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган катары мыйзам долбоорлорун кароодо мамлекеттик тилдин талаптарын, эрежелерин эске алып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербеши зарыл” деди. Муну менен катар айрым мүчүлүштүктөргө токтолгон Нурланбек Шакиев аппараттын тийиштүү бөлүмдөрүн мыйзамдардын кынтыксыз даярдалышына карата көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды», — деп айтылат маалыматта.