Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районундагы билим берүү мекемелеринен кабар алды

Кечээ, 30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан Жеңижок атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектептин имараты өткөн жылы ноябрда бүткөрүлүп, учурда 500гө жакын окуучу билим алат. Андан соң Нурланбек Шакиев Асанбек Жаныбеков атындагы орто мектепке барды. Бул мектеп мурдагы Кызыл-Туу совхозунун башкармалыгынын кеңсесинде жайгашкан. Азыркы тапта 655 окуучу окуйт. Ал эки мектепке тең Жогорку Кеңештин атынан заманбап компьютерлерди тапшырды.

Андан тышкары, жергиликтүү эл менен да жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Тургундар айылда бала бакча маселеси курч экенин белгилешти. Өз кезегинде төрага Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө долбоорду иштеп чыгып, кийинки жылдын планына киргизүү тапшырмасын берди.