Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Москвага жөнөп кетти

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Ассамблеянын Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.