Төрага Нурланбек Шакиев: “Бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыздоодо Жогорку Кеңештин таасири чоң”

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганына дээрлик бир жарым жылга жакындап калды. Ал бул аралыктагы алгачкы маегин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине берди. 

— Нурланбек Тургунбекович, сиздин Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып иштеп жатканыңызга дээрлик бир жарым жылга жакындап калды. Ушул аралыкта сиз менен баарлашууга такыр мүмкүнчүлүк болбоду. Тагыраагы сиз такыр эле маек курууга макул болбодуңуз. Буйруса мына бүгүн маектешүүгө көндүрдүк окшойт… Айтсаңыз, неге жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бербейсиз?..

— Сиз туура белгиледиңиз, ачык айтсам, ушунча убакыт Жогорку Кеңештин төрагасы катары бир да жолу эч бир жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бербедим. Абдан эле көп өтүнүчтөр болду. Былтыр апрель айында Орусияга жасаган расмий сапарымдын алдында гана “Российская газета” басылмасына кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу кыска маек бергем. Андан башка жок. Себебин айтсам, негизи эле өзүмдү пиар кылууга же жасап жаткан иштеримди шардана кылып, ар кайсы багытта маек курууну, ЖМКларга чыгууну туура көрбөйм жана жактыра бербейм. Анткени, парламент элге, коомчулукка ачык иш алып баргандыктан баары даана бадырайып эле көрүнүп турат да. Албетте ошол парламент жыйындарында маанилүү маселелерде өз пикиримди, көз карашымды кыскача айтып коюуга ар дайым мүмкүнчүлүк болот экен. Ошол жагдайдан пайдаланып айта калып жүрөм.

— Бүгүнкү сиз жетектеген парламенттин ишмердигине коомчулук ар кандай баа берип келет. Сиз төрага катары Жогорку Кеңештин дарегине айтылган сын-пикирлерге кандай карайсыз?

— Негизи кайсы гана өлкөлөрдө болбосун парламент эң башкы саясий орган.

Өлкөдөгү чоң-кичине маселелердин баары ошол трибунада айтылат. Бизде болсо бул көрүнүш абдан эле активдүү. Албетте Жогорку Кеңеш эң оболу мыйзам чыгаруучу негизги орган. Анан ошол чыгарылган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү функцияга да ээ. Бул абдан маанилүү. Айрымдар айтышат азыркы парламенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарган, алсыз деп. Аталган сын такыр туура эмес. Бүгүнкү Баш мыйзамыбызда парламенттин таасири, укуктары, милдеттери абдан жогору жана кубаттуу. Демек жетиштүү. Бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыздоого Жогорку Кеңештин таасири жана мүмкүнчүлүктөрү жетет. Тек гана биз бүгүн түрдүү саясий интригалардан оолак болуп элибизге, өлкөбүзгө керектүү мыйзамдарды кабыл алууга жана саясий туруктуулукту камсыздоого көбүрөөк көңүл буруудабыз. Эгерде парламент ар кандай саясий оюндар менен интригалардын чордонуна айланса, анын кесепети кандай болоорун тарыхыбыздан көп көрдүк. Азыр бизге эч кандай саясий оюндардын кереги жок. Биз эл өкүлдөрү саясий туруктуулукту камсыздап, экономикалык жактан өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырып, элибиздин жашоосун жакшыртуубуз зарыл. Бүгүн президентибиз баштаган аткаруу бийлигине зарыл мыйзамдарды, чечимдерди өз убагында кабыл алып, өнүгүүгө карай умтула берүүбүз керек.

— Өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутат Эмил Жамгырчиевдин маселеси каралып жатканда Сиз “Биз тазаланышыбыз керек! Биздин арабызда таза депутаттар олтурушу зарыл” деп айттыңыз. Дагы жоопкерчиликке тартыла турган депутаттар барбы араңыздарда?

 — Бүгүн биз өлкөбүздө жемкорлор, уурулар, бандиттер болбошу керек деген чакырык менен андай терс көрүнүштөргө каршы катуу күрөшүп жатабыз. Элдин да, коомдун да талабы ушундай. Андыктан тазалануу бардык тармакта, бардык чөйрөдө улантылат. Анын ичинен биз, парламент да тазаланышыбыз зарыл. Элдин өкүлү болуп шайланып келген депутаттар өзүбүз таза болушубуз кажет. Эгерде депутаттар мыйзам бузушса, же кылмыш жасашса неге “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей, бири-бирибизди калкалап коргошубуз керек? Тескерисинче биз башкаларга үлгү көрсөтүүбүз абзел. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Депутатпы, министрби же карапайым адамдар болобу бардыгы мыйзам алдында тегиз жооп берет.

— Нурланбек Тургунбекович, туунун тегерегинде да сөз кылбасак болбойт го. Анткени сиз кабыл алынган мыйзамдын демилгечилеринин бирисиз. Сиздин дарегиңизге абдан катуу сын пикирлер айтылды. Неге ошол учурда үн катпай, демиңизди басып олтурдуңуз?

— Ачык айтайын ушул маселеде колумдан келишинче сабырдуулукту кармандым. Кейиштүүсү мага карата абдан калпыс, жагымсыз пикирлерди интернеттеги социалдык тармактардан жаадырышты. Бирок алардын бирине да жооп бергим келген жок жана такыр жооп бербедим. Айрымдар абдан эле майдаланып, өтө төмөн деңгээлге түшүп кетишти. Анткени менен бул жагдай өлкөбүздө сөз эркиндигинин орду бар экендигин, болгондо да ар ким каалаганын каалагандай айта аларын, чектелбегендигин баса көрсөттү. Мейли анын баары өттү, кетти. Эң башкысы мен социалдык тармактарга көп маани бербейм жана активдүү колдонуучулардан эмесмин. Ишенсеңиз интернетке бир күндө болгону 45-50 мүнөт убакыт бөлөм. Тактап айтсам эртең менен 15 мүнөт, түштө 15 мүнөт, кечинде 15-20 мүнөт. Бүттү! Социалдык тармактардагы баракчаларымды маалымат катчым карап, зарылчылыгы болсо жооп берип турат. Баса, биз жаңы тууну кабыл алып же өзгөрткөн жокпуз. Биз тек гана оңдоп, түзөп эле койдук. Бул жашоодо баарын өзгөртүүгө болот. Өзгөрбөй турган бир эле ыйык Куран. Андыктан туу ыйык эмес, бийик! Буйруса ушул оңдолгон туубуз бийик желбиреп, түбөлүгү узак болсун! Ушул туунун алдында элибизде ынтымак, биримдик бекемделип, өлкөбүз бакубат өнүккөн мамлекетке айланышын тилейм.

— Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Ушул тарыхый датага кандай маани бересиз?

— Ооба, буйруса эгемендүүлүк күнүнө карата көз карандысыздыгыбыздын негизги пайдубалы болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнү көздөп турабыз. Ошол 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, биз алгач мамлекет катары калыптана баштаганбыз. Бул абдан чоң жана маанилүү дата. Биз үчүн зор тарых! Ошондон ушул күнгө карай кыргыздын не бир кыраандары дал ушул мамлекеттүүлүгүбүз үчүн кан-жанын аябай кызмат кылышкан жана курман болушкан. Биз алардын эрдигин жана эмгектерин эч качан жерге таштабастан улантып, өстүрүп, келечекте бакубат улуу кыргыз мамлекетин курууга милдеттүүбүз. Мына ушул датага багыштап, ага чейин кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өмүрүн арнашкан тарыхый инсандарыбызга, баатыр аталарыбызга таазим этип, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романынын негизинде көркөм тасма тартууну демилгелейм. Аталган чыгармадагы Алымбек датка, Нүзүп бий сыяктуу тарыхый инсандардын образын ачып, азыркы жана кийинки муундарыбызга идеологиялык мааниси зор тасма жаратышыбыз керек. Чындыгында эч кимге деле сыр эмес. Кыргыз коомчулугу чет өлкөлүк тарыхый тасмаларды, анын ичинен Түркиянын тарыхый сериалдарын суктануу менен көрүшөт. Эмне үчүн бизде алардыкындай тарыхый тасма тарта албайбыз. Алардыкынан кем эмес, тарыхыбыз бар. Өмүрү өрнөк болгон инсандарыбыз көп. Андыктан, “Сынган кылыч” романынын негизинде тартыла турган көркөм тасма кеминде он сериядан туруп, ар бир сериясы бир сааттын тегерегинде болсо деп ойлонуштуруп жатабыз. Жакынкы күндөрү кинону тартуунун жол-жоболорун аныктап, тартуучу режиссерлорго ачык конкурс жарыялап, ишти баштасак деген ниетибиз бар. Каражат маселесин өнөктөштөр менен сүйлөшүп жатабыз. Кудайга шүгүр 3-4 кыргыздын мекенчил ишкер жигиттери менен сүйлөштүм. Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан белгилүү бир сумманы бөлүп берип, алгачкы каражатты түптөйбүз. Калган каражатты тапсак болот экен. Эки жылдай убакытта тартып бүтөбүз деген тилегибиз бар.