Ишемби, 07.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барды

15:10 11.04.2023
0
Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барды

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами Гянджеви атындагы мектепке барды. 56 мугалим эмгектенип, 1340 окуучу билим алган мектептеги түзүлгөн шарттар менен таанышып чыккан төрага информатика кабинетине да баш бакты. Алсак, аталган мектепте заманбап билим берүү ыкмаларына, анын ичинен Python программалоо тилин үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта жасалып жаткан иштерге жогору баасын берген Нурланбек Шакиев окуучулар менен баарлашып: “Мурда көп улуттардын тилин билүү негизги өзгөчөлүк болсо, азыр IT тармагындагы программалоо тилдерин өздөштүрүү башкы артыкчылык катары каралууда. Андыктан, аталган багытта тажрыйбаны арттырып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, – деди.

Аталган билим берүү мекемесинде угуусу начар балдар үчүн да атайын класс ачылган. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев резервдик фондунан каражат бөлүп, аталган класска көрсөтүп окутуучу заманбап жабдууларды белекке берди.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Алтын-Ордо конушунда жайгашкан № 98 жалпы орто билим берүү мектебине барды. Окуу процессинин жүрүшү жана түзүлгөн шарттар менен таанышкан төрага окуучуларды сүрөт тартууга үйрөткөн таланттуу мугалимдин устаканасын да көрүп чыкты. “Мектеп таалим-тарбия берүү менен катар окуучулардын талантын ачып, өнөрүн өстүрүүгө да басым жасашы кажет. Анткени, билим менен өнөрдү айкалыштырган адам гана ийгиликке жетише алат. Андыктан ушундай тажрыйбаны башка мектептерге да жайылтууну колго алышыбыз зарыл”, – деген Нурланбек Шакиев билим берүү мекемесине заманбап музыкалык жабдууларды тапшырды.

Ошондой эле эки мектепте тең агартуучулар менен жолугушкан төрага: “Улуттук дүң продукциябыздын 7 пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Айрыкча акыркы жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, былтыр Бишкек шаарында эле 16 мектептин жаңы имараты ишке берилди. Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да керектүү колдоо уланат”, – деди.

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 06.03.2026
1

Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп...

Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:16 06.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну...

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:10 06.03.2026
1

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Муну уккандар “Президент эмнеге абактагы акын Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден...

Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:03 06.03.2026
1

Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң талкуу...

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:04 05.03.2026
1

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосундагы кырдаалды жөнгө салды. Бул тууралуу парламенттин басма...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

10:10 06.03.2026
Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: «Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз»

Садыр Жапаров Аскат Жетигендин иши боюнча: "Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз"

09:10 06.03.2026
Президент: «Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым»

Президент: "Ажиевдин түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатканын угуп артка кайтарттым"

09:03 06.03.2026
«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

«Жалал-Абад» аэропортунун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

2

09:31 06.03.2026
Өлкө башчысы: «Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт»

Өлкө башчысы: "Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбейт"

09:16 06.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү