Төрага Нурланбек Шакиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргыз Республикасындагы тутумунун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

«Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгына 30 жыл болду. Бул жылдар аралыгында БУУ менен түрдүү тармактардагы байланыштарыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун 2023-2027-жылдарга карата белгиленген алкактык программасына кол койду. Сиздин жетекчилигиңиздин алдында бул документ ийгиликтүү ишке ашаарына толук ишенем», — деди Шакиев.

Өз кезегинде Граве Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы алакалардын ар кандай багыттары тууралуу сөз кылып, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, сөз эркиндиги, жарансыздык көйгөйлөрүн чечүү жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Мындан тышкары, ал массалык маалымат каражаттарын жөнгө салуу, өлүм жазасына киргизилген мораторийди жоюу боюнча мыйзамдык демилгелерди кылдат талкуулоо керектигин белгиледи.

Жыйындын соңунда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди так аткарып жатканын ырастады. «Кыргыз эли адам укугун, сөз эркиндигин эң бийик баалуулук катары туу тутуп келген, бул жазылбаган мыйзамдар жана бардык учурда так аткарылууда. Бул биздин баа жеткис байлыгыбыз», — деген төрага реформалар сөзсүз керектигин, бирок муну менен катар улуттук баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын кошумчалады.