Төрага Нурланбек Шакиев чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендеги айылдарга барды

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Ал адегенде чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган айылдагы үйлөр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жараксыз абалга келген. Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда. Бирок жергиликтүү тургундар жумуштардын жай жүрүп жатканына кабатыр болуп жатканы маалымдалды.

Ушундай эле курулуш иштери Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында да жүргүзүлүүдө. Аймакта 58 үй жана социалдык мекемелердин имараты салынууда. Эл менен да жолугушууда Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин берген маалыматына карабай, жасалып жаткан иштерди жеринде өз көзү менен көрүү үчүн келгенин белгиледи. Баткен облусуна тиешелүү бардык маселени Жогорку Кеңеш ыкчам карап берип жатканын айтып: “Мамлекет башчысынын тапшырмасын эске алуу менен курулуш иштерин убагында бүткөрүү зарыл. Айрыкча курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү социалдык мекемелер да салынышы шарт”, – деди.

Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Учкунбек Жоробаев облусту өнүктүрүү максатында каралган 500 миллион сомдун 125 миллион сому Баткен районуна бөлүнгөнүн маалымдап, учурда аталган каражат менен тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Андан соң депутаттар “Достук” чек ара заставасында болуп, объекттин ишинен кабар алышты.

Нурланбек Шакиевди вице-спикер Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов менен Нурлан Ражабалиев коштоп жүрөт. Депутаттардын мындан аркы иш сапары Ош облусунун Алай районунда уланат.