Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга: «Трибунада кооз сүйлөп, добуш берүүдө кетип калгандар болуп жатат»

«Акыркы убакта трибунада, микрофондо жакшы, жагымдуу, кооз сөздөрдү сүйлөп туруп, добуш берүүгө келгенде добуш бербей, пикирин билдирбей, чыгып кеткен депутаттар бар». Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев депутаттарга карата айтты.

«Сиздер «макул» же «каршы» добуш беришиңиздер керек. Жоопкерчиликти да алышыбыз керек. Мына бизди шайлагандар «ошол жерден чыгып кет» же «добуш бербе» деп шайлаган эмес. Талап бар. Андыктан биз депутаттык милдетибизди так аткарышыбыз керек», — деди ал.

Спикер бул сөзүн депутат Нуржигит Кадырбеков сүйлөгөндөн кийин айтты.