Төрага Нурланбек Шакиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорун кабыл алды

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алды.

Анда Нурланбек Шакиев конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүп, салттуу диний жана руханий баалуулуктарды жайылтууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ролу чоң экенин белгилеп: “Аталган мекеме тарабынан акыркы жылдары дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер жасалууда”, – деди. Муну менен катар ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык жагдайларга жол берилбеши керектигин айткан төрага квоталарды ачык-айкын, акыйкат бөлүштүрүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров өзү жетектеген мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берип, ажылык сапарды уюштуруунун жүрүшү тууралуу да кеп кылды. Алсак, 2023-жылкы ажылык сапарга даярдык көрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген штаб ачык-айкындуулукту камсыздоо, каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларга жол бербөө максатында иш алып барууда. Быйылкы жылы Сауд Аравия Королдугу тарабынан Меккеге ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлүнгөн.