Төрага Нурланбек Шакиев Дүйнөлүк банктын өкүлү Кристоф Пушту кабыл алды

Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча шаарларды өнүктүрүү, табигый кырсык коркунучу бар аймактарды колдоо багытындагы программасынын жетекчиси Кристоф Пушту кабыл алды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Айбек Алтынбеков, Улан Бакасов жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хассан Накви катышты.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгына жогору баасын берип, аталган каржылык мекеменин көмөгү менен бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын кошумчалады. “Биз биргелешкен аракет менен буга чейин калыптанган тыгыз кызматташтыкты улантуубуз кажет. Айрыкча шаарларды өнүктүрүү, табигый кырсык катталуу коркунучу бар аймактардагы тобокелдиктерди азайтуу жана калк турмушун жакшыртуу жаатында демилгеленген долбоорлор Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Андан тышкары, билим берүү тармагын колдоого жана мектептерди курууга багытталган пландар артыкчылыкка ээ”, – деди.

Муну менен катар Кристоф Пуштун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, жетектеген программасынын алкагындагы долбоорлор жемиштүү жыйынтыкталарына терең ишенерин белгиледи. “Ош жана Баткен облусунун калкынын жашоо-шартын жакшыртууга, айрыкча билим берүү тармагында жана өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жаатында демилгеленген долбоорлор колдоого алынат. Бардык пландар 5 жылдык мөөнөттө ишке ашырылат”, – деди Кристоф Пуш.