Төрага Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев: “Кыргызстандын жаштары Жапониянын алдыңкы окуу жайларында билим алып, тарыхы бай, технологиясы өнүккөн жана маданияты менен өзгөчөлөнгөн өлкөңүздөрдөн тажрыйба топтоп келишет. Алсак, Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын (JDS) алкагында эле жүздөгөн студенттерибиз магистр даражасы боюнча билимин жогорулатып, азыркы тапта Кыргызстандагы маанилүү тармактарда эмгектенишүүдө. Андыктан бул багытта калыптанган байланышты мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде элчи Жапония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштерине учкай токтолду. Муну менен катар акыркы 30 жыл аралыгында биргелешип ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз кылган Хидэки Года “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү уланып жатканын жана аны чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу максатталганын маалымдады.